Берлинде Зеленский АКШ өкүлдөрү менен тынчтык планын талкуулады

Берлин шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын өкүлдөрү — президент Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу украин лидери өзү социалдык тармактардагы баракчаларында билдирди.

Сүйлөшүүлөр беш сааттан ашык убакытка созулуп, бүгүн, 15-декабрда уланары маалым болду. Бул маалыматты Украинанын президентинин кеңешчиси Дмитрий Литвин билдирди.

Жолугушуунун негизги темасы — АКШ сунуштап жаткан тынчтык планы болду. Батыштын бир катар медиаларынын маалыматына караганда, анын ичинде The New York Times гезити жазгандай, тараптар Киевдин Вашингтондун сунуштарына берген жообун талкуулашат. Анда Украина өлкөнүн чыгышындагы, учурда Украинанын Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөп турган аймактар өзүндө калышы керектигин билдирген.

Украина тараптан сүйлөшүүлөргө Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров да катышууда.

Жолугушууга Германиянын канцлери Фридрих Мерц да катышкан. Немис басылмаларынын маалыматына ылайык, ал саламдашуу аяктагандан кийин көп өтпөй сүйлөшүүлөр залынан чыгып кеткен. Министрлер кабинетинин жыйындар залына өткөн жолугушууда модератор катары канцлердин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча кеңешчиси Гюнтер Заутер калган.

Жолугушуудан кийин Стив Уиткофф сүйлөшүүлөрдө «чоң жылыш» болгонун билдирди.

«Тараптар тынчтык планынын 20 пункту, экономикалык маселелер жана башка темалар боюнча терең талкуу жүргүзүштү. Чоң жылыш болду, тараптар эртең менен кайрадан жолугушат», — деп жазды ал X социалдык тармагындагы баракчасына.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз