УКМК ИИМдин Күзөт кызматынын башчысын кармады

Пара талап кылуу менен системалуу түрдө алектенген шектүү кармалды. Бул тууралуу 16-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Тергөөнүн версиясына ылайык, милициянын полковниги А.Т.А. 2024-жылдан бери Балыкчы шаарынын кайтаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринен ошол эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана ага тиешеси бар адамдар аркылуу акча чогултуп келген.

УКМКнын маалыматына караганда, акча каражаттары милиция кызматкерлеринин негизги иш убактысынан тышкары ар түрдүү объекттерди кайтаруу иштерине тартылышын камсыз кылгандыгы үчүн төлөм катары системалуу түрдө алынган.

Аталган адам 10-декабрда камакка алынган. Учурда тергөөнүн алкагында Ички иштер министрлигинин кызмат адамдарынын арасынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталып жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз