Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов кызматтан бошотулду

Орозов Бактияр Сайпидинович мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этика нормаларынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Бактияр Орозов бул кызматка 2025-жылдын 15-майында дайындалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, булактардын билдиришинче, Орозов мас абалында унаа башкарганы үчүн кызматтан алынган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз