Саламаттык сактоо министри жеке медициналык клиникалардын жетекчилери менен жолукту
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов жеке менчик медициналык борборлордун жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Жолугушууда саламаттык сактоонун жеке секторун өнүктүрүү маселелери, анын ичинде аны мындан ары өркүндөтүү, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу тууралуу талкуу жүрдү.
Ведомствонун башчысы жеке менчик медициналык уюмдарды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, бул өлкө ичинде дарылануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жарандардын чет өлкөгө барып медициналык жардам алуу муктаждыгын азайтарын айтты.
Каныбек Досмамбетов жеке сектор мамлекеттик саламаттык сактоо системасын толуктап турарын белгилеп, мамлекеттин негизги максаты — жарандарды чет өлкөгө чыкпай эле, өлкө ичинде сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылуу экенин кошумчалады.
Ошондой эле жолугушууда жеке клиникаларды колдоо, заманбап технологияларды киргизүү жана медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоонун жеке секторун өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти улантуу тууралуу макулдашышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



