90 млн долларлык долбоор: Ошто таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрө турган завод куруу пландалууда
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев Кытай Элдик Республикасынын Хунань провинциясынын Чанша шаарында болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводду куруу боюнча алкактык келишимге кол койду.
Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мэр жеринде “Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышууда.
Учурда аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелүүдө. Жакынкы айларда курулуш жумуштары башталат. Долбоордун сметалык баасы 90 млн доллар.
Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев аталган завод ишке кирсе, ташандыларды күйгүзүп, 50 МВт электр энергиясын өндүрүп, кышында элге жылуулук берет.
Ал кошумчалагандай, Ош шаарынан бир суткада 500 тоннадан ашык таштанды чыгат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.