Трамп сотко кайрылып, аброюна шек келтиргени үчүн «Би-би-сиден» 5 млрд доллар компенсация талап кылды
АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Флорида штатынын Түштүк округунун сотуна британдык BBC («Би-би-си») медиакомпаниясына каршы жалаа жабуу боюнча доо арыз менен кайрылып, кеминде 5 миллиард доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу "Reuters" агенттигине шилтеме берүү менен "CentralAsia" басылмасы жазды.
Доонун негизги себеби — Трамптын айтымында, анын сөзүнүн айрым үзүндүлөрү тенденциялуу түрдө монтаждалып, коомчулукта ал тарапкерлерин Капитолийди басып алууга чакыргандай таасир калтырган.
Агенттик белгилегендей, АКШнын президенти «өзү жалган же адилетсиз деп эсептеген медиага каршы күрөшүү боюнча эл аралык деңгээлдеги фронт ачты».
Маалыматка ылайык, сөздүн бурмаланышы Panorama программасынын бир чыгарылышында кеткен. Андагы президенттин образын Трамп «жалган, жалаа жабуучу, жаңылыштыкка түрткөн, аброюна шек келтирген, чагымчыл жана атайылап жасалган» деп мүнөздөдү. Ал ошондой эле бул эпизод 2024-жылдагы президенттик шайлоого бир жума калганда эфирге чыкканын айтып, муну шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүү жана анын жыйынтыгына таасир этүү аракети катары баалады.
Дональд Трамп BBCге каршы мындай көлөмдөгү доо коюу ниети бар экенин алдын ала эле билдирген. Өз кезегинде медиакомпания ага кат жөнөтүп, кечирим сураганын, бирок эч кандай акчалай компенсация төлөбөй турганын эскерткен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



