Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун курууну каржылоо боюнча келишимге кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун каржылоого багытталган кредиттик келишимге кол коюу аземине катышты.
Келишим «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧКсы (Биргелешкен долбоордук компания) менен Кытай Эл Республикасынын банктар синдикатынын ортосунда түзүлдү. Аталган синдикаттын курамына Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Эксимбанк кирет.
Темир жол долбоорунун жалпы баасы 4,7 млрд АКШ долларына бааланууда. Анын ичинен болжол менен 2,3 млрд АКШ доллары Кытай тарабынан 35 жылдык мөөнөткө кредит катары Биргелешкен долбоордук компанияга берилет. Бул каражатты кайтаруу түздөн-түз аталган компания тарабынан жүргүзүлөт.
Калган 2,3 млрд АКШ доллары үч мамлекет тарабынан Биргелешкен долбоордук компаниянын уставдык капиталына төмөнкү үлүштөр менен салынат: Кытай – 51%, Кыргызстан жана Өзбекстан – ар бири 24,5 пайыздан.
Келишимге кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары инвестициялык макулдашуунун негизги шарттарынын бирине ылайык, долбоорду толук каржылоо 2025-жылдын 20-декабрына чейин бүткөрүлүшү керектигин белгилеп, бул талап бүгүнкү күндө ийгиликтүү аткарылганын билдирди.
«Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧКсынын башкы директору Чжоу Син Биргелешкен долбоордук компания тартылган каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга гана эмес, ошондой эле келишимдерде каралган бардык милдеттенмелерди ишенимдүү жана өз мөөнөтүндө аткарууга өзгөчө көңүл бурарын айтты.
Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу аймактагы эң татаал техникалык жана инженердик долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоордун алкагында 50 көпүрө жана жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 29 тоннель курулат. Натыйжада темир жолдун жалпы узундугунун болжол менен 40 пайызы тоннелдер жана көпүрөлөр аркылуу өтөт. Кыргызстан аймагындагы темир жолдун жалпы узундугу 304 чакырымды түзөт.
Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушуна расмий старт 2024-жылдын 27-декабрында үч өлкөнүн президенттери тарабынан берилген. Анда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев кайрылуу жасап, бул долбоордун стратегиялык маанисин өзгөчө белгилешкен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



