Орусия Украинага каршы согушка канча акча коротту?

Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов.

Орусияда быйылкы жылы мамлекеттик бюджеттин “атайын аскердик операцияга түздөн-түз байланышкан” чыгымдары ички дүң өнүмдүн 5,1 пайызын түздү. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов мекеменин кеңейтилген жыйынында билдиргенин "Азаттык" радиосу Faridaily басылмасына шилтеме берүү менен жазды.

Өлкөнүн Экономика жана өнүктүрүү министрлигинин божомолуна ылайык, Орусиянын ички дүң өнүмү быйыл 217,3 триллион рублди түздү. Ошого караганда, Украинага каршы согушка кеткен чыгымын 11,1 триллион рубль деп бааласа болот.

Бул министрликтин согуш башталгандан бери ага кеткен чыгымын биринчи ирет ачыкка чыгарышы болду. Буга чейин жаңы курал-жарак иштеп чыгуу, курулуштарга инвестиция салуу жана башка чыгымдар кошулган “Улуттук коргонуу” беренеси боюнча жалпы чыгым гана жарыяланчу.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, быйыл “Улуттук коргонууга” 13,5 триллион рубль коротулду жана бул каражаттын дээрлик 82% Украинадагы согушка жумшалды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз