Өлкө түштүгүнө жапайы жаныбарлар үчүн реабилитациялык борбор ачуу зарыл

Өлкөнүн түштүк аймагына жаратылышта жаракат алган жапайы жан жаныбарларды, канаттууларды калыбына келтирип, кайра өздөрүнүн жашоо чөйрөсүнө кое бере турган реабилитациялык борбор ачуу зарыл. Бул тууралуу маселе 16-декабрда NABU Кыргызстан уюму Ош шаарында мамлекеттик экологиялык мекемелердин өкүлдөрү жана журналисттер менен өткөргөн жумушчу жолугушуусунда көтөрүлдү.

Реабилитациялык борборду ачуу демилгесин көтөргөн Экология министрлигине караштуу Оштогу мекемелердин өкүлдөрү бир нече фактыларды да келтиришти. Алардын маалыматтарына ылайык, айрым учурларда оперативдик маалыматтар аркылуу жаратылышта жаракат алган жаныбарлар колго түшөт, кээде кызыл китепке кирген жаныбарларды багып же сатуу аракетин көргөндөр кармалып калат. Ушундай учурларда аларды кайсы жакка өткөрүп берүү керек деген көйгөй жаралып, акыры Ош шаарындагы зоопаркка гана берип калышат. Бирок зоопарк жаныбарларды кайра калыбына келтирип, жаратылышка кое берүү менен алектенбейт.

Анткен менен NABU Кыргызстан уюмунун Чүй облусунун Кемин районунда андай реабилитациялык борбор иштейт. Ага өлкөнүн бардык аймагынан жарадар болгон жапайы жаныбарлар алып барылып, багылып, калыбына келтирилип, кайра жаратылышка кое берилет. Буга чейин сүлөөсүн, аюу, чүткөр сыяктуу көптөгөн жаныбарлар кое берилген.

Бирок айрым учурларда жараланган жаныбарларды бул реаборборго жеткирүү, айрыкча алыскы аймактар үчүн бир топ убакыт менен каражатты талап кылат. Ошого байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары үчүн бир реабилитациялык борборду биргелешип ачуу зарыл экендиги талкууланды.

Жумушчу жолугушууда мыйзамсыз аңчылыкты алдын алуу максатында, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү керектиги жана браконьерчиликке каршы рейддерди биргеликте байма-бай өткөрүп туруунун зарылчылыгы айтылды. Ошондой рейддерге журналисттер да кошо чыгып, ЖМК аркылуу чагылдыруу – эффективдүү жыйынтык бермек деген ойлор айтылды жана муну ишке ашыруу макулдашылды.

Жыйын соңунда NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкулов кызматташуу үчүн тараптарга ыраазычылык билдирип, уюм тарабынан даярдалган экологиялык белектерди тапшырды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз