Министрлер кабинетинин төрагасы мугалимдердин, дарыгерлердин маянасы 2026-жылы жогоруларын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-декабрда жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү жана 2026-жылы айлык маяналарды жогорулатуу пландары тууралуу айтты.

Анын айтымында, макроэкономикалык көрсөткүчтөр өкмөт үчүн өзгөчө мааниге ээ.

«Өткөн жылдын ноябрь айында эл аралык стандарттар боюнча кайра эсептөөдөн кийин ички дүң продуктунун (ИДП) өсүү темпи 11,5 пайызды түздү. Ал эми 11 айдын жыйынтыгы боюнча өсүү 10,2 пайыз болду. Биз бул темпти сактап келатабыз, анткени декабрь айында ички дүң продукт адатта ылдамыраак өсөт», — деди Касымалиев.

Ал калктын жашоо деңгээлине, айрыкча айыл жергесиндеги жарандардын турмушуна өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

«2024-жылдан тарта айыл жергесиндеги айлык маяналарды жогорулата баштадык. Дарыгерлер менен мугалимдердин маянасы 10 пайыздан 130 пайызга чейин өстү. Ошондой эле “оор” категориядагы кызматкерлерге жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине төлөнүүчү каражаттар көбөйтүлдү. Бул максатта кошумча 18 млрд сом бөлүндү», — деп кошумчалады ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы эске салгандай, ал 2015–2018-жылдары Финансы министри болуп турган учурда республикалык бюджет 115 млрд сомду түзгөн.

«Бүгүнкү күндө айлык маяналар фонду эле 130 млрд сомго жетти. Биз аны мындан ары дагы көбөйтүү багытында иш алып барып жатабыз», — деди ал.

Анын айтымында, 2026-жылга карата айлык маяналарды эки этап менен жогорулатуу пландалууда:
— 1-апрелден тарта мугалимдерге, дарыгерлерге, маданият кызматкерлерине жана “оор” категориядагы кызматкерлерге 50 пайызга;
— 1-сентябрдан тарта муниципалдык жана айрым мамлекеттик кызматкерлерге.

Бул чараларды ишке ашыруу үчүн 2024-жылы 39 млрд сом талап кылынат жана бул каражаттар бюджетке алдын ала каралган.

«Каржылоо мүмкүнчүлүгү болгондо айлык маяналарды үзгүлтүксүз жогорулатып турабыз», — деп жыйынтыктады Министрлер кабинетинин төрагасы.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз