Казакстандын парламенти ЛГБТ пропагандасына тыюу салган мыйзамды жактырды

Казакстандын парламентинин жогорку палатасы — Сенат ЛГБТны жана педофилияны пропагандалоого тыюу салган мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы BAQ.KZ басылмасына шилтеме берүү менен жазды. Өлкө бийлиги аталган мыйзам жарандардын укуктарын чектебестигин, анын негизги максаты балдарды ушундай мазмундагы контенттен коргоо экенин белгиледи.

Жаңы киргизилген тыюу Казакстандын «Архив иши жана укукка каршы контенттин жайылышын чектөө маселелери боюнча Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамынын алкагында каралган. Ага ылайык, коомдук мейкиндикте, анын ичинде интернет-ресурстарда ЛГБТны жана педофилияны пропагандалоого тыюу салынат.

Бир жарым жыл мурун Казакстандын жарандары өлкөдө ЛГБТны пропагандалоого мыйзам деңгээлинде тыюу салуу талабы менен петиция уюштурушкан. Парламенттин төмөнкү палатасы бул өзгөртүүлөрдү колдоп, мыйзам долбоору 4-декабрда Сенатта каралары айтылган. Бирок башка мыйзам актыларына да өзгөртүү киргизүү зарылдыгына байланыштуу жыйын 18-декабрга жылдырылган.

Казакстандын маданият жана маалымат боюнча вице-премьер-министри Евгений Кочетовдун айтымында, укукка каршы контентти жайылткандарга 140 АКШ доллары өлчөмүндө айып пул салынат, ал эми кайталанган учурда айып пул 280 долларга чейин жетиши мүмкүн. Мындан тышкары, мыйзам бузгандарга 10 суткага чейин административдик камакка алуу жазасы колдонулушу ыктымал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз