Орусиядагы мекепте кол салуудан улам каза болгон 4-класстын окуучусу кичи мекенинде жерге берилди
Москва облусунун Одинцово шаарындагы мектепте 16-декабрда өлтүрүлгөн 10 жаштагы Кобилжон Алиев 18-декабрда өзүнүн кичи мекени — Тажикстандын Шахринав районундагы Аджам айылында жерге берилди. Бул тууралуу «Азия-плюс» басылмасы жазды.
Баланын сөөгү Тажикстанга 18-декабрдын таңында жеткирилген. Жаназага Шахринав районунан гана эмес, өлкөнүн башка аймактарынан да жүздөгөн адамдар келген. Алардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери да көп болгон. Күч түзүмдөрү журналисттерге жаназаны ачык тартууга тыюу салышкан. Маркумга куран окутуу аземине Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода да катышкан.
Каргашалуу окуя 16-декабрдын таңында Москва облусунун Горки-2 айылындагы Успен орто мектебинде болгон. 15 жаштагы окуучу мектепке бычак жана газ баллончиги менен кирип, алгач мектептин күзөтчүсүн жарадар кылган, андан соң 4-класстын окуучусу Кобилжон Алиевди өлтүргөн. Андан кийин өспүрүм класстардын бирине бекинип, бир окуучуну барымтага алган. Окуя болгон жерге келген күч кызматкерлери аны кармап, сурак маалында ал күнөөсүн мойнуна алган.
Тергөө комитети адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Эгер соттук-психиатриялык экспертиза аны акыл-эси жайында деп тапса, өспүрүмгө 10 жылга чейин тарбиялык колонияда эркинен ажыратуу жазасы берилиши мүмкүн.
Болжолдордун бирине ылайык, кылмыштын себеби өспүрүмдүн ксенофобиялык көз караштары болгон: чабуул алдында ал окуучулардан улутун сурап, буга чейин классташтарына еврейлерге, мусулмандарга, антифашисттерге жана либералдарга каршы агрессивдүү ураандар жазылган «манифест» таратканы айтылууда. Башка маалыматтарга караганда, анын негизги бутасы математика мугалими болгон, ал үчүн өз алдынча жасалган жардыруучу түзүлүш даярдаган болушу мүмкүн.
Каза болгон баланын апасы ошол эле мектепте полун жууп иштеген. Ал жолдошу каза болгондон кийин эки уулун жалгыз бой тарбиялап келген.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги жана акыйкатчы институту орусиялык кесиптештерин Кобилжон Алиевдин өлтүрүлүшүн кылдат жана калыс иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү адилет жазалоого чакырышты. Орусия тарап тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүп жатканын билдирди. Орусиянын ТИМи массалык маалымат каражаттарында Тажикстандын жараны өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат чыккан соң, Тажикстандын элчилигине дароо жардам сунуштаганын, жооп иретинде бардык жагдайларды калыс иликтөө өтүнүчү менен нота алынганын тактады. Орусиянын ТИМи тажик тарапка көңүл айтты.
Успен мектебиндеги бул өзгөчө кырдаал Тажикстан менен Орусиянын Коопсуздук кеңештеринин катчылары — Сергей Шойгу жана Юсуф Рахмон тарабынан да талкууланды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



