ИДПнын өсүшү боюнча Кыргызстан чемпион,- Путин
Быйыл Евразия экономикалык союзунун (ЕАЭС) мүчө мамлекеттеринин экономикалары ишенимдүү оң динамиканы көрсөтүүдө. Бул тууралуу кечээ, 21-декабрда, Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынында билдирди.
«Жалпы ички дүң продукт өсүүдө. Албетте, бул жерде чемпион деп Кыргызстанды айтсак болот — ички дүң продукты 10 пайыздан ашык өстү. Бул, албетте, абдан жакшы көрсөткүч. Биз Кыргызстан Республикасынын президентин жана анын бүт командасын бул жыйынтык менен куттуктайбыз», — деп кошумчалады Путин.
Орусия президентинин айтымында, союз боюнча айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 2 пайыздан ашык өскөн, чекене соода жүгүртүү 3 пайызга, ал эми курулуш тармагы 4,7 пайызга жогорулаган.
Быйыл Орусиядан Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөргө багытталган энергетикалык эмес экспорттун үлүшү дээрлик 20 пайызга өсүп, 10 айдын ичинде жалпы товар жүгүртүүнүн 73 млрд долларынан 32 млрд долларды түздү.
«Евразия союзунда тышкы таасирлерге көз каранды эмес, туруктуу төлөм инфраструктурасы түзүлгөн. Мында өз ара эсептешүүлөр дээрлик толугу менен улуттук валюталарда жүргүзүлүүдө. Алардын үлүшү ЕАЭС мамлекеттеринин ортосундагы коммерциялык операцияларда 93 пайызды түзөт», — деди Путин.
Ал ошондой эле ЕАЭСке мүчө өлкөлөр беш жылга эсептелген евразиялык экономикалык интеграция стратегиясын ишке ашырганын белгиледи. Натыйжада көптөгөн соода тоскоолдуктары жоюлуп, тарифтик эмес жөнгө салуулар жана административдик жол-жоболор шайкеш келтирилди, бажы жана салык саясаты жаатындагы координация жакшыртылды, кооперациялык долбоорлорду колдоо механизми ишке киргизилди.
Мындан аркы интеграциялык иштер мурда бекитилген «Евразиялык экономикалык жол» декларациясынын негизинде 2045-жылга чейинки мезгилге жүргүзүлүшү керек. Аны ишке ашыруунун алкагында бүгүн «жол картасы» бекитилет.
Мындан тышкары, Жогорку кеңештин кароосуна бир катар маанилүү интеграциялык чечимдер чыгарылды. Алар макроэкономикалык саясатты макулдашып жүргүзүү, техникалык жана ветеринардык-санитардык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу, курулуш тармагындагы кызматташтык шарттарын либералдаштыруу маселелерине тиешелүү.
Орусия президенти Евразия союзунда жалпы каржы рыногун түзүү боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу тескеменин долбооруна өзгөчө токтолду. Бул интеграциялык күн тартибиндеги негизги багыттардын бири болуп саналат. Анын максаты — инвесторлор үчүн баалуу кагаздарга жана фондулук биржаларга Евразия мейкиндигинин бардык аймагында жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү, бизнеске жана ишканаларга кредиттик каражаттарга, башка банктык продуктыларга жана камсыздандыруу кызматтарына жетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Ал ЕАЭС алкагында Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы түзүлүп, иштеп жатканын да эске салды. Бул компания биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода келишимдерин колдоого багытталган. Путиндин пикиринде, анын мүмкүнчүлүктөрүн мындан да кеңири пайдалануу зарыл.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



