Садыр Жапаров Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгы менен сыйланды
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Л.Н. Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгына татыды.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлык тапшыруу аземи 21-декабрда Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясында өтүп, ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге сыйлыкты калыстар тобунун төрагасы — Мариин мамлекеттик академиялык театрынын көркөм жетекчиси жана директору, ошондой эле Орусиянын Чоң мамлекеттик академиялык театрынын башкы директору Валерий Гергиев тапшырды.
Үч мамлекеттин лидерлери Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө кошкон зор жеке салымы үчүн Эл аралык сыйлыкка татыды. Белгилей кетсек, 2025-жылдын 31-мартында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын түйүн чекити тууралуу келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюшкан.
Сыйлыктын лауреаттары болгон Садыр Жапаровдун, Эмомали Рахмондун жана Шавкат Мирзиёевдин биргелешкен аракеттери аймакта туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого, ошондой эле бүткүл Борбор Азиянын эл аралык аброюн жогорулатууга багытталган.
Садыр Жапаров өз сөзүндө бул сыйлык Борбор Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган биргелешкен салымдын таанылышы экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө аймак ишенимге, ынак коңшулукка, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана туруктуу өнүгүүгө негизделген мейкиндикке айланып жатканын баса белгиледи.
«Аймактагы чек ара маселелеринин биротоло жөнгө салынышы евразиялык коопсуздук жана жалпы геосаясий туруктуулук үчүн өзгөчө мааниге ээ экени айкын. Мындан тышкары, бул биз мүчө болуп турган интеграциялык бирикмелердин жана аймактык форматтардын макамын бекемдейт.
Жетишилген макулдашуулар элдерибиздин тынчтыкка, ынтымакка жана ынак коңшулукка болгон чыныгы умтулуусунун ачык далили болуп калды», — деди президент. Ал бул умтулуу көп жылдар бою Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары катар жашап келген чек арага жакын райондордун тургундарынын арасында өзгөчө даана көрүнгөнүн белгиледи.
Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун төмөнкү сөзүн келтирди:
«Адамзаттын келечеги маданияттар менен элдердин диалогу аркылуу гана мүмкүн».
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



