Орусияда автоунаа жарылып, генерал Фанил Сарваров каза болду
Москва шаарында жеңил унаа жарылып, анын кесепетинен Орусиянын Башкы штабынын ыкчам даярдык башкармалыгын жетектеген генерал Фанил Сарваров оор жаракат алып, көз жумду.
Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренконун маалыматына караганда, 22-декабрдын таңында Москвадагы Ясеневая көчөсүндө унаанын түбүнө орнотулган жардыруучу зат ишке киргизилген. Алган жаракаттарынан улам Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ыкчам даярдык башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Фанил Сарваров каза болгон.
Буга чейин ЖМКлар жана Тергөө комитети Ясеневая көчөсүндө унаа жарылып, белгисиз бир эркек киши жаракат алганын кабарлашкан.
Телеграм-каналдар жабыркаган адам генерал Сарваров болушу мүмкүн деген версияны айтышкан.
Тергөө комитети коом үчүн өзгөчө кооптуу ыкма менен жасалган адам өлтүрүү жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
«Тергөө тарабынан кылмыштын ар кандай версиялары каралууда. Алардын бири — бул кылмыш украин атайын кызматтары тарабынан уюштурулушу мүмкүн деген версия да бар», — деп айтылат комитеттин басма сөз билдирүүсүндө.
Shot жана Baza телеграм-таблоиддери таң эртең менен жарылуу тургун үйдүн жанындагы унаа токтотмо жайда турган Kia Sorento автоунаасында болгонун билдиришкен.
56 жаштагы жабырлануучу унаанын ичинде кысылып калган, бирок кийин куткарылып, оор абалда ооруканага жеткирилгенин РБК басылмасы жазды.
Фанил Сарваров 1990-жылы Казан жогорку танк командалык окуу жайын бүтүргөн. Кийинчерээк Малиновский атындагы бронетанк аскерлеринин аскердик академиясында жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик академиясында билим алган.
«Коммерсант» гезитинин маалыматына ылайык, академияны аяктагандан кийин Сарваров Башкы штабдын башкы оперативдик башкармалыгында жана Куралдуу күчтөрдүн ыкчам даярдык башкармалыгында кызматын уланткан. 2016-жылдан тартып аталган башкармалыктын башчысы кызматын аркалаган.
Маалыматка караганда, Сарваров Чеченстандагы согуштук аракеттерге катышкан, ал эми 2015–2016-жылдары Сириядагы операцияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча тапшырмаларды аткарган.
2024-жылдын май айында Орусиянын президентинин жарлыгы менен ага генерал-лейтенант аскердик наамы ыйгарылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



