Ош: 13-кабаттан кулап, аман калган жигит сот органдарынан жардам күтөт
2023-жылдын 26-октябрь күнү Ош шаарынын Апсамат Масалиев проспектисинин №24 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 13-кабатынан -1- кабка кулап кетип, аман калган Күлчоро Асанов соттон адилеттүүлүк күтөт. Ал мындай билдирүүсүн бүгүн, 22-декабрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Анын айтымында, окуя болгондон кийин 1,5 жыл төшөктө жатууга мажбур болгон. Ал эми курулуш компаниясынын өкүлдөрү бир жолу гана кабар алып, ошондон бери дайынсыз.
«2023-жылдын 26-октябрь күнү кадимкидей эле жумушка барып, кийимдерими алмаштырып, лифт менен 16-кабатта чыгып баратканымда, 13-кабатта лифттин тросу үзүлүп кетип, -1-кабатка кулап түштүм. Өзүмдү жоготуп койгонума байланыштуу, тез жардам чакырышкан. Алар чыгара албай, ӨКМдин куткаруучулары келип, мени чыгарып беришкен. Ошол лифт мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу, мени мамлекеттик ооруканага алып баруудан коркушуп, жеке ооруканага алып барышкан. Жеке ооруканага жардам бере албай, мени Ош облустук ооруканага алып барышкан. Аталган ооруканада мени дарыгерлер сактап калышкан. Биринчи күнү ичегилерим ылдый түшүп кеткенине байланыштуу операция кылып, ордуна келтиришкен. Андай соң бөйрөк тараптагы омуркаларга операция кылышкан. Кийин үчүн операцияны башымдан өткөрдүим. Үч жолу операция болгондон кийин кандай гана кыйын күндөрдү, кандай гана кыйын кырдаалдарды башымдан өткөрдүм. Үч айдан кийин үйгө чыгып, бирок жакшы боло албай калдым. Кайра ооруканага кайрылып, төртүнчү жолу операци болдум. Төртүнчүсүндө акчабыз калбай калганына байланыштуу ошол курулуш компанияг кайрылып, 132 миң сомдум стентти аркама койдуруп беришти. Ошентип ооруканда 6 ай дарыландым. Ошентип үйдө жаткан мезгилде курлуш компаниядан адамдар келишип, азык-түлүктөрдү алып келип беришти. Ошондон эле мындан ары да жардам берип турарын айтышып, тосмо арыз жаздырып кетишти. Бирок тосмо арыз жазып бергенден кийин бир жолу да кабарлашып койюшкан жок.
Азыр эми сот иштери жүрүүдө, ошондуктан сот органдарына кайрылам, менин ишимди адилеттүү карап берүүңүздөрдү суранам», - деди ал.
Ал эми Күлчоро Асановдун ишемдүү өкүлү, юрист Жакшылык Арипов окуянын мыйзамдуу жагына токтолду.
«Биринчиден, окуя боюнча айтканда 2023-жылдын 26-октябрында бул жигит сертификаты жок пайдаланылып жаткан лифтин тросу үзүлүп кетип, -1-кабатка түшүп кеткен. Ал учурда укук коргоо органдары кылмыштын курамы болсо дагы «кылмыштын курамы жок» деп иш козгоодон баш тартып коюшкан. Бул биринчи көйүл буруучу жагдай. Бул жоосунда Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы бар деп эсептейбиз. Экинчиден, курулуш иштери жүрүп жатканда мамлекет тарабынан көзөмөл болгон эмес. Таткап айтканда, булар сертификаты жок, эч кандай уруксаты жок, колго жасалган лифти иштетип келишкен. Ал эми курулуш мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алар атайын сертификаттан өткөн лифти иштетиш керек болчу. Экинчиден, ошол эл е учурда Эмгек кодексинин талаптары одоно түрдө бузулган. Тактап айтканда, жумушчулар менен эмгек келишими түзүлгөн эмес. Мындай эле иш алып барып келишкен. Ал эми компенсациясы маселеси сот өндүрүшү менен карала турган маселе, ошондуктан ал боюнча бир нерсе дей албайм. Андыктан, мыйзам көрсөтүлгөн талаптар боюнча айтсам, бөөдө кырсыктан улам 1-топтогу майып болуп калган адамга азыркы мыйзам боюнча 7 жылдык маянасы төлөнүшү керек деген жери бар. Ал эмгек акы адамдын күнөөсүнүн деңгээлине карата азайтылышы да мүмкүн. Ал маселелер эми сот тарабынан чечилет. Мындан сырткары, моралдык компенсация өндүрүү, дарыланууга кеткен чыгымдарды төлөө боюнча да сотто иш каралууда», - деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



