Бишкек: Аялын өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран тууралуу эмнелер белгилүү?
Бишкекте 23-декабрда ажырашуу процесси трагедия менен аяктады.
Кечинде, болжол менен саат 21:00 чамасында, туулган күнүндө борбор калаанын 47 жаштагы тургуну киши колдуу болду. Кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү — 1977-жылы туулган У.Б.М. кармалды.
Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуядан бир нече саат мурун сот жубайларды расмий түрдө ажыраткан. Андан кийин Бишкектеги Боконбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Жанжал учурунда 48 жаштагы эркек киши «МР-79» үлгүсүндөгү травматикалык тапанчаны алып, мурдагы жубайына ок чыгарган. Аял алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди.
«Сводка АКИpress» редакциясынын булактарынын маалыматына ылайык, ажырашуунун алдын ала себеби үй-бүлөлүк зомбулук болгон. Нике бузулгандан кийин бишкекчанка жумушуна кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң милицияга анын эжеси чалып, жумуш күнү бүткөндөн кийин аялды мурдагы күйөөсү тосуп алып, күч колдонуп унаасына салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирген. Ошондой эле ал мурдагы күйөө баласынын жанында курал болушу мүмкүн экенин айткан.
Бул маалыматтын негизинде «Перехват» планы жарыяланган. Бирок аялды аман алып калуу мүмкүн болгон эмес. Эки баласы энесиз калды.
Кармалган адам тууралуу эмне белгилүү?
У.Б.М. Ысык-Көл облусунун тургуну, 1977-жылдын 2-августунда төрөлгөн. Мурда ал милицияда улук лейтенант наамында кызмат өтөп, Бишкек шаардык УОБДДде инспектор-инженер болуп иштеген (азыр бул башкармалык жоюлган). УПСМ түзүлгөнгө чейин кызматтан кеткендиги маалым.
Шектүү социалдык тармактарды активдүү колдонгон. Андагы маалыматтарга караганда, ал пауэрлифтинг менен машыгып, бодибилдингге кызыккан. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, кармалган жаран «Мүмкүнчүлүгү чектелбеген дүйнө» аттуу «Параолимпиадалык кыймыл федерациясы» коомдук бирикмесинин жетекчиси жана негиздөөчүсү болуп саналат.
Ошондой эле ал 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого саясий партиялардын биринен талапкер болуп катышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



