Кыргызстан тарыхында биринчи жолу саламаттык сактоо министри кызматын медициналык билими жок адам ээлейт, - деп айтат депутат
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу саламаттык сактоо министри кызматына таптакыр башка багыттагы кесиптик билими бар адам дайындалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык комитетинин 23-декабрдагы жыйынында депутат Гүлнара Акимбаева (№24 шайлоо округу) билдирди.
Комитет жыйынында саламаттык сактоо министри кызматына Каныбек Досмамбетовдун талапкерлиги каралды.
«Мындай чечимдин себеби бизге түшүндүрүлдү. Сизге реформаларды жүргүзүү жана коррупция менен күрөшүү милдети жүктөлүп жатат. Бул багытта алгачкы кадамдарыңыз кандай болот?» — деп суроо узатты депутат.
Милдетин аткаруучу министрдин айтымында, учурда дары-дармек менен камсыз кылуу тармагында жана поликлиникалардагы турмуштук коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле дары-дармектерди сатып алуу маселеси орто звенодо, атап айтканда, «Кыргызфармация» компаниясынын деңгээлинде талданып жатат.
«Бүткүл система толугу менен санариптештирилет», — деп кошумчалады ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


