Кырсык күтүүсүз болот: туура жардам өмүрдү сактайт
Кечээ, 21-август күнү Кызыл Ай коому журналисттер үчүн атайын «Биринчи жардам көрсөтүү» деген темада практикалык тренинг өткөрдү. Иш-чаранын максаты – күнүмдүк жашоодо ар бир адамдын өмүрүн сактап кала ала турган жөнөкөй, бирок өтө маанилүү көндүмдөрдү үйрөтүлдү.
Тренингде катышуучулар кан кетүүнү токтотуу, жаракат алган учурда жардам көрсөтүү, эс-учун жоготкон адамды туура абалга келтирүү жана жүрөк-өпкө реанимациясын жүргүзүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты. Адистер белгилегендей, мындай билимин практикада колдонгон ар бир жаран кырсык болгон учурда тез жана туура чечим кабыл алып, бир адамдын өмүрүн сактап калышы мүмкүн.
Катышуучулардын айтымында, көп учурда кырсык учурунда туура эмес көрсөтүлгөн жардам адамдын абалын ого бетер оорлотуп, өмүрүнө коркунуч жаратышы ыктымал. Ошондуктан биринчи жардамды туура көрсөтүү коомдун ар бир мүчөсү үчүн зарыл болгон көндүм болуп эсептелет.
«Бул тренинг мага чоң таасир берди. Чынында эле ар бирибиз биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшүбүз керек экен. Себеби, кырсык кайсы жерде, кайсы убакта болуп кетерин эч ким билбейт. Ал эми ошол учурда биз көрсөткөн туура жардам бир өмүрдү сактап калышы мүмкүн», – деп белгиледи катышуучулардын бири.
Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү мындан ары да коомчулуктун кеңири катмарына багытталган ушундай окутууларды уланта берерин билдиришти.
Биринчи жардам: Ар бир адам билиши керек болгон негиздер
Өмүр күтүүсүз кырдаалдарда көз ирмем ичинде өзгөрүп кетиши мүмкүн. Жол кырсыгы, күйүк, жаракат, эс-учун жоготуу – мындай учурда тез жана туура көрсөтүлгөн биринчи жардам адамдын өмүрүн сактап калышы мүмкүн. Ошондуктан, ар бир адам негизги ыкмаларды билиши абзел.
Биринчи жардам деген эмне?
Биринчи жардам – бул кырсыкка же оор абалга туш болгон адамга дарыгер келгенге чейин көрсөтүлгөн шашылыш жардам. Бул жардам медициналык билимди талап кылбаган жөнөкөй, бирок маанилүү аракеттерден турат.
Эмне үчүн биринчи жардамды билүү маанилүү?
- Өмүрдү сактап калат;
- жаракаттын оорлотуп кетишин алдын алат.
- дарыгер келгенче абалды жеңилдетет.
- өзүңүзгө жана жакындарыңызга ишеним берет.
Негизги кырдаалдар жана жардам көрсөтүү ыкмалары
1. Эс-учун жоготуу
- Адамды коопсуз жерге жаткызыңыз;
- дем алып жатканын текшериңиз.
- Дем албаса, дароо жүрөк-өпкө реанимациясын (ЖӨР) баштаңыз:
- 30 жолу көкүрөктү басуу,
- 2 жолу жасалма дем берүү;
- Тез жардам чакырыңыз.
2. Кан токтотуу
- Кан көп агып жатса, таза бинт же кездеме менен катуу таңып коюңуз;
- кан токтобосо, жарааттан жогору жакка басым коюп кармаңыз;
- ар дайым колуңузду колкап же кездеме менен коргоп аракет кылыңыз.
3. Күйүк
- Күйгөн жерди муздак суу менен 10–15 мүнөт жууп туруңуз;
- май, туз, паста сыяктуу каражаттарды сүйкөбөңүз;
- таза бинт менен жеңил жаап коюңуз;
- оор абалда болсо дарыгерге кайрылыңыз.
4. Сынык
- Сынык болгон жерди кыймылдатпай туруңуз;
- таяныч катары таяк же катуу нерсени таңып коюңуз;
- мүмкүн болушунча кыймылдатпай, дарыгерге жеткириңиз.
Эсиңизде болсун! Биринчи жардам көрсөтүп жаткан учурда өзүңүздүн коопсуздугуңузду да унутпаңыз! Эгер ишенбей жатсаңыз, ашыкча аракет жасабай, дарыгер келгенче күттүп туруңуз.
Ар дайым 103 (же жергиликтүү тез жардам номери) чакырууну унутпаныз!!!
Биринчи жардам – ар бирибиз билүүгө тийиш болгон жөнөкөй, бирок баа жеткис билим. Сиздин билимиңиз жана тез реакцияңыз жакыныңыздын же бейтааныш бирөөнүн өмүрүн сактап калышы мүмкүн.
Материалды даярдаган: Гүлзада Өскөнбаева.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.