Саламатык сактоо министринин милдетин аткаруучу дарыгерлердин коррупциялык иштери тууралуу айтты

"Саламаттык сактоо министрлигинде коррупцияга каршы күрөш жүрүп жаткан учурда кадрларды жоготуп алуу коркунучу жокп?" деген суроону депутат Венера Салямова (№11 шайлоо округу) 23-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетовго узатты.

Комитет жыйынында Каныбек Досмамбетовдун саламаттык сактоо министри кызмат ордуна талапкерлиги каралды.

Министрдин милдетин аткаруучу билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин штатында 88 миң кызмат орду каралган. Учурда алардын 65 миңи гана иштеп жатат. Демек, тармакта 23 миң кадр жетишпейт. Кадрдык тартыштын негизги себеби — айлык-маянанын аздыгы экенин ал белгиледи.

«Коррупцияны жеңүү үчүн чечкиндүү кадамдарга баруу зарыл. Кадимки дарыгерлер коррупциялык иштерге аралашпайт, көбүнчө бул — башкы дарыгерлер жана жетекчилер. Биздин максат медицина кызматкерлерин түрмөгө отургузуу эмес. Негизги максат — чыныгы реформа жүргүзүп, коррупцияны жаратып жаткан себептерди жоюу. Мен да ачык диалогго чакырам. Коррупцияны түп-тамырынан жоюп, мурункудай иш алып барбоону сунуштайм», — деди ал.

Ошондой эле Досмамбетов айрым дарыгерлер кызматтан кетүү ниетин билдиргенин маалымдады.

«Бул — алардын өз чечими. Талдоо жүргүзгөндө, айрым жетекчилер бюджеттик каражаттарды натыйжасыз пайдаланганы, далилденбеген медициналык препараттарды сатып алышканы аныкталды. Биз буга чек коёбуз. Эгер алар кетүүнү кааласа, медицина үчүн жоготуу чоң болбойт. Тескерисинче, жаш кадрлардын өсүп чыгышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тармакта таасирдүү адамдар бар экенин да белгилеп кетким келет — алар айрым багыттарды жеке менчиктей ээлеп алышып, жаш адистердин кесиптик өсүшүнө жол бербей келишкен: “өздөрүнүкү” жана “башкалар” деп бөлүп, операцияларга уруксат бербей, тоскоолдук жаратышкан. Мындай дарыгерлерди биз кармап турбайбыз», — деди ал.

Өз кезегинде депутат Венера Салямова кадр тартыштыгы шартында кадр саясатына этият мамиле кылууга чакырды.

«Бардык тармактарда ишти күчөтүүдө медицинанын өзгөчөлүгүн эске алыңыз. Дарыгерлердин айлыгын көтөрүү жана Саламаттык сактоо министрлигиндеги кадр саясатын жакшыртуу маселесин карап чыгууну суранам», — деди депутат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз