Ош: Төлөгөн Касымбеков атындагы проспект пайда болуп, Навои көчөсүнө проспект макамы берилет
Алишер Навои көчөсү.
Ош шаарындагы бир катар аты жок көчөлөргө ысым ыйгарылып, кээ бир көчөлөр кайра аталды. Мындай маалымат кечээ, 23-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин XVIII сессиясынан кийин белгилүү болду.
Анда күн тартибине коюлган «Ош шаарынын аймагындагы айрым георгафиялык обьекттердин аталыштары жөнүндө” маселеси каралып, депутаттар аталган маселени колдоп беришти.
Токтом долбоорун ылайык, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Санжар Касымбеков көчөсүнө Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылып, проспект макамы берилген болсо, Алишер Навои көчөсүнө проспект деген макам берилип, №47 мектебине Алымбек датканын ысымын ыйгарууга макулдук берилди.
Жаңы ат ыйгарылган көчөлөрдүн тизмеси:
1. Ош шаарынын Санжар Касымбеков көчөсү Төлөгөн Касымбековдун ысымы менен кайра аталып, проспект макамы ыйгарылсын.
2. Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүнө проспект макамы ыйгарылсын.
3. Ош шаарынын Максим Горький көчөсү Адам Закировдун ысымы менен кайра аталсын.
4. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №18 көчөгө Жусупжан Тургунбаевдин ысымы ыйгарылсын.
5. Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Хакимжан ажы көчөсү Суранчы Жетимишовдун ысымы менен кайра аталсын.
6. Ош шаарынын Коргон көчөсүнөн Кайырма каналына чейинки көчөгө Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Пакырдин Маматовдун ысымы ыйгарылсын.
7. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Гүлабад-Төлөйкөн айылынын №336 кварталындагы көчөгө Кеңеш Казакбаевдин ысымы ыйгарылсын.
8. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Гүлабад-Төлөйкөн айылынын №342 кварталындагы көчөгө Абдумуталиб Садировдун ысымы ыйгарылсын.
9. Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи районунда жайгашкан №73 көчөгө Тентимиш Акматалиевдин ысымы ыйгарылсын.
10. Ош шаарынын №47 мектебине Алымбек датканын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
Бул токтом долбоору Адилет министрлигинен каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




