Мурдагы күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн аял: Милиция аялдын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн көргөздү

Бишкек шаардык ИИМдин (ГУВД) басма сөз кызматы 24-декабрда маркум аялдын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү тартылган видеону таратты.

Милиция берген видеодо шектүү менен маркум аялдын чогуу подъездге кирип баратканы көрүнөт. Кармалган жаран колунда мурдагы жубайына алып келген гүл жана торт көтөрүп жүргөн. Анткени аял 23-декабрда туулган күнүн белгилемек.

23-декабрда болжол менен саат 21:40та «102» кызматына Боконбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде ок атылганы жана аял киши өлтүрүлгөнү тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге келген Свердлов райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу мурдагы жубайлар — 1978-жылы туулган У.Ж. жана 1977-жылы туулган У.Б. ортосунда ажырашуу процессине байланыштуу чыр чыкканын аныктаган. Андан соң эркек киши өзүнө таандык травматикалык тапанчадан мурдагы жубайына ок чыгарган. Аял алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча каттоого алынып, 48 жаштагы У.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди. Кармалган учурда ал мас абалында болгон. Ал мурда Бишкек шаарындагы УОБДДда инспектор болуп иштеген.

Мындан мурда айрым булактар маркумдун эжеси милицияга кайрылып, карындашын табууга жардам сураганын билдиришкен. Анын айтымында, мурдагы күйөө баласы аялды иш ордунан күч колдонуп унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз