Гульзат Исаматова илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Гульзат Тыныбековна Исаматова илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Исаматованын талапкерлиги Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башчысы кызматына дайындоо үчүн макулдашууга Жогорку Кеңешке киргизилет.

Гульзат Исаматова 1983-жылдын 21-апрелинде төрөлгөн. Буга чейин ал К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректору кызматын аркалаган.

Буга чейин илим жана жогорку билим берүү министри кызматын Бактияр Орозов ээлеп келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз