Кыргызстандын футзал командасы Молдованы жеңди

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Молдованын курама командасын утту.

Оюн 24-декабрда Ереван шаарында эл аралык Unibank Cup 2025 турниринин жыйынтыктоочу турунун алкагында өттү.

Беттеш 4:2 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына жыйынтыкталды. Команданын капитаны Шохрух Махмадаминов эки гол киргизсе, Арген Абдурашит уулу менен Самат Жанат уулу бирден топ менен айырмаланышты.

Буга чейин Кыргызстандын курама командасы мелдештин кожоюндары — Армениянын курама командасына 1:5 эсебинде утулуп калган. Ал беттеште кыргызстандыктардын жалгыз голун Данияр Талайбеков киргизген.

Биринчи турда Грузиянын курама командасына каршы оюн өтпөй калган жана мындан ары да өткөрүлбөйт. Буга Кыргызстандын курама командасы аба ырайынын начардыгына байланыштуу Ереван шаарына өз убагында уча албай калганы себеп болгон.

Турнирдин жеңүүчүсү бардык үч беттеште тең утушка жетишкен Армениянын курама командасы болду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз