Кыргызстандын курама командасына Россиядан дагы бир легионер кошулду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасында Орусиядан келген дагы бир легионер пайда болду.

86 кг салмак категориясында өлкө чемпиону болуп 29 жаштагы Малик Шаваев аталды. Ал мелдешти 1/8 финалдан баштап, катары менен төрт беттеште жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.

Финалдык беттеште турнирде Талас шаарынын атынан катышкан Шаваев бул салмактагы Кыргызстандын курама командасынын лидери Мухаммад Абдуллаевди утуп алды.

Малик Шаваев 1996-жылдын 21-июнунда туулган. Ал Нальчик шаарындагы «Спартак» спорт клубунун өкүлү.

Шаваев 79 кг салмак категориясында Орусиянын эки жолку чемпиону (2021, 2022), ошондой эле 2024-жылдагы Орусия чемпионатынын финалисти. Финалда ал дагестандык Ибрагим Кадиевге жеңилген.

Бул чемпионаттын жыйынтыгы менен эл аралык мелдештерге катыша турган улуттук курама команда түзүлөт.

Апрель айында Бишкек шаарында Азия чемпионаты өтсө, күзүндө Бахрейнде дүйнө чемпионаты уюштурулат. Ошондой эле быйыл Японияда Азия оюндар өткөрүлмөкчү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз