Курултайдын делегаты президенттен СИЗО-1деги шарттарга көңүл бурууну суранды
Өлкөдө адам укуктары бузулуп жатат, мыйзамдар тандалма түрдө иштеп, айрымдарга колдонулса, айрымдарга колдонулбай жатат, — деп билдирди Ош шаарынан келген делегат Айсалкын Карабаева Элдик курултайдын жүрүшүндө.
Анын айтымында, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалып турган №1 тергөө абагындагы (СИЗО-1) шарттар адамдык чыдагыс абалда.
«Алар кыйноого дуушар болууда. Сотко алып чыга турган күнү таңкы саат 6да тизме түзүлүп, аларды ачка бойдон сотко алып кетишет. Сотко жеткирилгенден кийин, ички тартипти жүйө кылган конвой аскерлери ооруп жаткан адамдарга бир ууртам суу да бербей коюшат. Оорулууларга суу да, дары-дармек да зарыл. Бирок буга эч ким көңүл бурбайт. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазага тартылсын, бирок алар Кыргыз Республикасынын толук укуктуу жарандары болгондуктан, адам катары жашоого укуктуу», — деди ал.
Делегат ошондой эле камактагыларга тамак-аш алып кирүү үчүн ата-энелер таңкы саат 6дан тарта кезекке турушарын белгиледи.
«Жайдын ысык күндөрү алар 5–6 сааттап кезек күтүшөт. Бул аралыкта тамак-аш бузулуп кетет, бирок ошол бузулган тамакты СИЗОго киргизишет. Азыркы суук аба ырайына карабай, жакындары берип кеткен мештерди конвой кызматкерлери алып коюшкан. Ал жерде суук, кармалгандар үшүп жатышат. Мен муну ачык эле кыйноо катары баалайм», — деп кошумчалады Карабаева.
Айсалкын Карабаева президент Садыр Жапаровдон бул маселеге көңүл бурууну жана мунапыс (амнистия) тууралуу мыйзамды кароону суранды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



