Валентина Шевченко ESPN'дин версиясы боюнча 2025-жылдын мыкты аял мушкери деп табылды
ESPN басылмасы 2025-жылдын мыкты мушкерлерин атады.
Аялдар арасында эң мыкты мушкер деп чемпион Валентина Шевченко табылды. Ал уюмдун эң жеңил салмак категориясында чемпиондук куруна ээ.
«Пуля» каймана аты менен белгилүү болгон Шевченко 2024-жылдын сентябрында чемпиондук наамын кайра кайтарып алган. Ал эми 2025-жылы титулун эки жолу ийгиликтүү коргоп, Франциянын өкүлү Манон Фиро менен Кытайдын спортчусу Вэйли Жангды жеңген.
Эркектер арасында жылдын мыкты файтери деп Грузиядан чыккан, UFC уюмунун эң жеңил салмак категориясындагы мурдагы чемпиону Мерб Двалишвили аталды.
Двалишвили быйыл чемпиондук титулун үч жолу ийгиликтүү коргоп, Россиядан Умар Нурмагомедовду, ошондой эле АКШнын өкүлдөрү Шон О’Мэлли жана Кори Сэндхэгенди жеңген.
Бирок 6-декабрда Лас-Вегаста өткөн UFC 323 турниринде Мерб Двалишвили Россиянын спортчусу Пётр Янга каршы чыгып, калыстардын бир добуштуу чечими менен утулуп, чемпиондук наамынан ажыраган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


