Орусиянын спорттук күрөш федерациясынын президенти Кыргызстандын намысын коргой турган орусиялык балбан тууралуу оюн билдирди

Орусиянын спорттук күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили карьерасын Кыргызстандын курама командасында уланта турган балбан Малик Шаваев тууралуу пикирин билдирди.

Кабардин-Балкариялык күрөш мектебинин тарбиялануучусу жакында эле 89 кг салмак категориясында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионатында жеңишке жетип, Азия чемпионатында өлкө намысын коргоо мүмкүнчүлүгүн алды.

«Шаваев спорттук жарандыгын алмаштырды. Ал эми мындан ары Кыргызстан үчүн күч сынашат. Бул — курама команданын лидери эмес, мындай көрүнүш спортто кадимки эле практика», — деди Мамиашвили.

29 жаштагы эркин күрөшчү эки жолу Орусиянын чемпиону болуп, дагы бир жолу улуттук чемпионаттын финалына чейин жеткен.

Анын Орусиянын курама командасы курамындагы акыркы мелдеши өткөн жылы өткөн БРИКС оюндары болуп, анда Шаваев алтын медаль уткан.

Буга чейин дагы бир Россиянын эки жолку чемпиону — Шамиль Мамедов (65 кг салмак категориясы) Болгариянын курама командасына өткөнү маалым болгон

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз