Темирбек Эркинов саламаттык сактоо министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары болуп дайындалды
Темирбек Эркинов саламаттык сактоо министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматты Министрлер Кабинети тастыктады.
Ал буга чейин аталган кызматты аркалап келген Нургүл Аднаеванын ордуна келди.
Белгилей кетсек, Темирбек Эркинов мурда тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



