Депутат Жылдыз Курманалиева 3 жашка чейинки бардык балдарга жөлөкпул төлөө мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады
Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынында депутат Жылдыз Курманалиева 3 жашка чейинки бардык балдарга жөлөкпул төлөө мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Анын айтымында, бул маселе бардык жерде көтөрүлүп жатат.
«Келгиле, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча биргелешип иш алып баралы. Балким, бул демографиянын өсүшүнө себеп болмок», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


