Кыргызстанда 6 чакан ГЭС жана 3 күн электр станциясын куруу үчүн конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемеси кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин берүү укугуна конкурс жарыялайт.

Лот №1: Күн электр станциясын (КЭС) куруу

Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Каргалык айыл аймагы, Жетиген тилкеси
Жалпы аянты: 30 га
(идентификациялык номери: 5-07-01-0012-0504)

Лот №2: Күн электр станциясын (КЭС) куруу

Жайгашкан жери: Баткен облусу, Кадамжай району, Ак-Турпак айыл аймагы, Ак-Турпак айылы
Жалпы аянты: 761,1 га
(идентификациялык номери: 8-02-06-0020-0210)

Лот №3: Күн электр станциясын (КЭС) куруу

Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусу, Сузак району
Жалпы аянты: 6,92 га
(идентификациялык номери: 3-05-09-0013-0494)

Лот №4: Чакан гидроэлектр станциясын (ЧГЭС) куруу

Жайгашкан жери: Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ой-Тал айыл округу, Сары-Бээ айылы
Жалпы аянты: 0,30 га
(идентификациялык номери: 5-03-02-0005-0589)

Лот №5: Чакан гидроэлектр станциясын (ЧГЭС) куруу

Жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу, К.Ж. Жумаев атындагы Жети-Өгүз токой чарбасы
Жалпы аянты: 13,48 га

Лот №6: Чакан гидроэлектр станциясын (ЧГЭС) куруу

Жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу, Каракол токой чарбасы, Жергез токойчулугу
Жалпы аянты: 9,47 га

Лот №7: Чакан гидроэлектр станциясын (ЧГЭС) куруу

Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Токтогул токой чарбасы
Жалпы аянты: 0,79 га

Лот №8: Чакан гидроэлектр станциясын (ЧГЭС) куруу

Жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району
Жалпы аянты: 11,9 га
(идентификациялык номери: 2-01-19-0005-0060)

Лот №9: Чакан гидроэлектр станциясын (ЧГЭС) куруу

Жайгашкан жери: Баткен облусу, Кадамжай району, Үч-Коргон токой чарбасы
Жалпы аянты: 2,3 га

Конкурс 2026-жылдын 11-февралында саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун имаратында өтөт.
Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 56.

Конкурска катышууну каалагандар документтерди 2026-жылдын 9-февралы саат 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруусу зарыл:
Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 56, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз