Кылычын алып кыш келсе, даярдык кандай?

Өзгөн районунун аймагындагы 12 айыл өкмөт жана 1 шаар бар. Күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн 28 миң 746  тонна  көмүр керектелет. Анын ичинен билим берүү мекемелерине  8миң 400, саламаттыкты сактоо тармагына 880, андан башка мекеме уюмдарга 268,  2 кесиптик лицейге 128, маданият тармагына 60 тонна көмүр тартылуусу зарыл.

Райондук мамлекеттик администрациясынан алынган  маалыматка ылайык, 2024-2025-жылкы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иш-чараларынын алкагшында райондун аймагында жайгашкан билим берүү жана  саламаттыкты сактоо мекемелеринде эшик-терезелерин жылылоо,  отказандарды, жылытуу системасын кезектеги  жана капиталдык ремонттон өткөрүү, анын отказандарын  алмаштыруу  жумуштары жүргүзүлдү. Азыркы учурда  социалдык мекеме-уюмдардын  бул багыттагы  жумуштар аягына чыгып калды.   
 
12 айыл өкмөттүн аймагында  жайгашкан  мектептерде жана балдар бакчаларында 199 отказан бар. Анын 197и ремонттон чыгарылды. Эки мектептин, тактап айтканда, Жазы айыл аймагында Жумакадыр Мойдунов, Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы   Кремль айылында Машрапов  мектептеринин жылытуу системалары эми алмаштырылат. Саламаттыкты сактоо мекемелериндеги 14 от казандын айрымдарын эске албаганда алардын  басымдуу көпчүлүгү ремонттон өткөрүлдү. 
 
Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү  жана райондук мекеме-уюмдарды жылуулук менен камсыздоону  “Өзгөн жылуулук”  муниципалдык  ишканасы иш жүргүзөт. Аталган   ишкананын  2 жерде жайгашкан отканада  пайдалуу аракет коэффициенти 70-80%ды түзгөн 8 от казан толугу менен ремонттон өткөрүлгөн.   400дөн ашык абоненти  бар бул ишкананын  кышка карата  даярдыгы  жакшы деп айтсак болот. Ишкана сезонго1700 тонна көмүрдү  керектейт.
 
Расмй маалыматтарга ылайык Өзгөн районунун аймагында 14 көмүр кени бар. Жазы, Салам-Алик, Мырзаке айыл өкмөттөрү   мыйзамга ылайык  көмүр кендери менен түз келишим түзгөн.  5 айыл өкмөтүндө тендер өткөрүлгөн. Калгандарында даярдак көрөлүп жатат. Азыркы учурда көмүрдү тартуу жумуштары  башталып, планда белгиленген көмүрдүн  30 %ы ташылды. 
 
Райондо жашаган калк үчүн 19 000 тонна көмүр  тартылыш керек.   Бүгүнкү күндө райондун аймагында калк үчүн 11 жерде көмүр сатуучу жай ачылган. Азыркы учурда  1 килограммы  көмүрдүн  орточо баасы  5-6 сомдон сатылып жатат. 
 
Өзгөн районундагы  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү чек арада турган аймак. Ага Кара-Таш айыл өкмөтү кошулгандан кийин   калктын саны 20 815ке жетти.  Азыркы учурда  бул аймактагы   15 айылда  6 орто, 4 башталгыч мектеп , 12 балдар бакчасы, 8 ФАП бар.
 
Биз айыл өкмөтүнүн  жооптуу катчысы Мунарбек Полотовго жолугуп,  андан ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер тууралуу  баяндап берүүсүн суранганыбыз.
 
- Күз-кыш мезгилине дардык көрүү иш-аракеттеринин алкагында  айыл өкмөттүн  Кызыл-Октябрь ,  Эски Покровка,   Кызыл-Сеңир, Алга, Кочкор-Ата, Элчибек, Үңкүр, Беш-Абышка, Лесхоз  айылдарындагы  мектептердин  от казандарын, жылытуу системасын кезектеги  жана капиталдык ремонттон өткөрүү жумуштары жүргүзүлдү. Кызыл-Октябрь айылындагы  Осмон Жакыпов атындагы  орто мектептин от казаны эскиргендигине байланыштуу  аны алмаштыруу жумуштар жүрүп жатат. Кремль айылындагы  3 бөлмөлүү   башталгыч мектепте  жылытуу эски ыкма, тактап айтканда ал  меш менен жылытылып келгендиктен,  жыл башына анын жылытуу системасын алмаштыруу үчүн  атайын   каражат бөлүү маселеси каралган.  Бирок анын сметасы кайра оңдолуп,  түзүлгөндүктөн, бул маселе бир аз кечигип жатат. Бирок, аталган башталгыч мектепке  жылытуу системасын орнотуу маселеси  жыл аягына чейин толугу менен чечилет.   
 
Жыл башында алдын ала түзүлгөн план боюнча айыл аймактагы билим берүү  тармагына  841, саламаттыкты сактоо мекемелерине 36 тонна  көмүр  керектелет, анын алды тартылып жатат.
 
Эски Покровка,   Кызыл-Сеңир айылдарындагы  быйыл жаңы түшкөн  маданият  үйлөрү электр тогу менен жылытылат. Кызыл-Октябрь  айылындагы быйыл ачылып жаткан жаңы   маданият  үйү да ушул система менен жылытылат. 
 
Биздин жарандарыбыз көмүрдү- Куршабда    ачылган көмүр сатуучу жайдан сатып алышат.  Анткени, бул айыл бизге абдан жакын. Өткөн жылы айыл өкмөтү  Торгойдогу көмүр кендин жетекчилери  менен  сүйлөшүү жолу менен калкка  базар баасынан арзан баада көмүр тартып берген болчу.  Ошол кендин жетекчилери менен быйыл да сүйлөшүүлөр  жүргүзүлүүдө. 
 
Материалды даярдаган
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз