Милиция 2 айдан бери дайынсыз жоголгон 17 жаштагы баланы табууга көмөктөшүүнү суранат

Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын 17 жаштагы тургуну изделүүдө. Бул тууралу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Малыматка караганда, 2024-жылдын 28-декабрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнөн кызматтык кат келип түшкөн.
 
Анда каттоодо турган 2008-жылдын 11-июнунда туулган Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын    тургуну  Курбанов Бексултан Курбанович дайынсыз жок болуп жатканын билдирген. 
 
«Бул факты  Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып,  топтолгон материалдардын негизинде издөө иштери башталган.  Жогорудагылардын негизинде дайынсыз жоголгон  2008-жылы туулган Курбанов Бексултан Курбанович   тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлоону суранабыз»,- деп айтылат маалыматта.
 
Кийген кийимдери: кара түстөгү баш кийим (кепка), ак түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым,  бутунда кара түстөгү бут кийим. 
 
Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 165-170 см., дене түзүлүшү орто, кара тору жүздүү, чачы кара кыска, кашы-көзү кара. 
 
Тел: 03233 5-06-36, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз