Зеленский АКШны Кадыровду Мадуро сыяктуу кармоого чакырды. Рамзан Кадыров жооп берди
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ бийлигин Чеченстанга десант түшүрүп, анын башчысы Рамзан Кадыровду Венесуэланын президенти Николас Мадуро сыяктуу кармоого чакырды. Бул сунушун Зеленский журналисттер менен маектешүү учурунда айтканын «Страна.ua» басылмасы кабарлады.
Анын айтымында, мындай катуу ыкмалар Москвага кысым көрсөтүүгө жардам бериши мүмкүн.
«Аларда (америкалыктарда) куралдар бар. Алар муну кыла алышат. Эгер чындап каалашса, табышат. Эң негизгиси — Украина алар үчүн приоритет болушу керек. Куралдарды таап, Орусияга басым жасашы керек», — деди президент.
Андан соң Зеленский Мадуронун мисалын келтирди:
«Мына, Мадуро боюнча мисал бар. Операция жүргүзүштү. Натыйжасын баары көрдү, бүткүл дүйнө көрдү. Бат эле жасашты. Эми Кадыров деген киши менен да ушундай операция жасашсын. Балким ошондо Путин муну көрүп, ойлонуп калат», — деп кошумчалады ал.
Рамзан Кадыров Зеленскийдин АКШны өзүн Мадуро сыяктуу уурдап кетүүгө чакырган билдирүүсү Украинанын бийлиги тынчтык жолу менен жөнгө салуу процессин «бузууга аракет кылып жатканын» далилдейт деп билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында жазды.
Кадыровдун пикиринде, Зеленский өзү эмес, АКШдан ушундай кадамды суранганы — өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Чеченстандын башчысынын айтымында, бул коркоктуктун белгиси:
«Коркоктук менен кыйытып, өзү четте туруп, коопсуз аралыкта байкап тургусу келип жатат, анын “коркунучтуу таякеси” Рамзан Кадыровду башка бирөөлөр жазаласын деп».
«Эми америкалыктардан жардам сурап жатат: курал бербесеңер да, жок дегенде Рамзанды уурдап кеткиле дейт… Өз абийириңди сакта, өзүңдү мынчалык басынтпа. Эгер сенде эркектик дегенден аз да болсо бар болгондо, сөздөрүң менен өтүнүчтөрүң канчалык шылдың угуларын түшүнмөксүң», — деп кайрылды Кадыров Зеленскийге.
Ошондой эле ал:
«Душман биздин республикага кириши мүмкүн, бирок андан тирүү чыгып кетиши кыйын», — деп кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



