Аскер кызматкеринин өлүмү: Дагы бир шектүү кармалды
8-январда «Сводка АКИpress» редакциясына Аскер прокуратурасынан кабарлашкандай, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы боюнча дагы бир шектүү кармалды.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ЖАКК (ГСИН) Коргоо жана конвой департаментинин взвод командири, лейтенант Р.у.А. Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына (ИВС) киргизилди.
Буга чейин бул иш боюнча 2006-жылы туулган аскер кызматкери М.М. кармалган.
«Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле каза болгон аскер кызматкеринин мыйзамдуу өкүлдөрү менен туугандары билдирген бардык жүйөлөр текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү юридикалык баа берилет», — деп билдиришти көзөмөл органынын өкүлдөрү.
5-январь күнү болжол менен саат 15:25те Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинин күзөт постунда ок атышуу болгон. Анда ЖАККнын Коргоо жана конвой департаментинин 5-караул батальонунда кызмат өтөп жаткан, 2007-жылы туулган А.А.Н. аттуу мөөнөттүү аскер кызматкери табелдик куралынан өзүнө ок чыгарып, алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



