Бразилиялык мушкер Кыргызстандын желегин көтөрүп салмак текшерүүгө чыкты

Бүгүн, 9-январда Чеченстандын Грозный шаарында АСА ММА уюмунун турнири өтөт.

ACA 198 турниринде жалпысынан 13 беттеш пландалган.

Кошумча башкы беттеште бразилиялык Хердесон Батиста октагонго чыгат. Ал буга чейинки бардык беттештерине калпак кийип чыккандыгы менен белгилүү. Бул жолу ал жеңил салмактагы убактылуу чемпиондук наам үчүн таймашат. Анын атаандашы — Орусиядан Дауд Шайхаев.

8-январда турнирге катышуучулардын таразага тартуу аземи болуп өттү. Ага Батиста калпаксыз, бирок Бразилия менен Кыргызстандын бириктирилген желегин көтөрүп чыкты.

«Менин ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан да көп досторум бар. Грозныйда баары менин атаандашымды колдошот, ал эми Кыргызстандан келген бир туугандар мени колдошот. Бул мен үчүн чоң мотивация», — деди Батиста таразага тартуу учурунда.

Мындан тышкары, бул турнирде Кыргызстандын өкүлү Манас Имаров (13 жеңиш, 6 жеңилүү) да беттешке чыгат. Анын атаандашы — Орусиядан Арби Агуев (39 жеңиш, 13 жеңилүү).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз