ТИМ АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн виза күрөөсүн эмне үчүн киргизгенин түшүндүрдү
Айрым чет мамлекеттердин жарандарын АКШга кирүү үчүн финансылык күрөө төлөөгө милдеттендирген өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү — бул ошол мамлекеттердин жарандары тарабынан визалык режим көп жолу бузулгандыгына байланыштуу. Бул тууралуу 8-январда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин маалымдалгандай, АКШ 2026-жылдын 21-январынан тартып бир катар чет өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн АКШга кирүүдө 5 миң доллардан 15 миң долларга чейинки өлчөмдө финансылык күрөө киргизет. Күрөөнүн так суммасы консулдук маектешүү учурунда консулдук кызматкер тарабынан ар бир талапкерге өзүнчө аныкталат.
Мындан тышкары, визаны алуу үчүн кайрылган жаран АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын консулдук кызматкердин атайын көрсөтмөсүнөн кийин гана тапшырууга тийиш. Ошондой эле АКШнын Каржы министрлигине караштуу Pay.gov онлайн төлөм платформасы аркылуу залог шарттарына макул экенин тастыктоосу зарыл.
Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бурат:
• финансылык залогдун төлөнүшү визанын берилишине кепилдик бербейт;
• иммиграциялык макам өзгөртүлгөн же АКШда уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калуу фактылары катталса, күрөө кайтарылбайт;
• бул талаптар өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин берилген жаңы арыздарга гана колдонулат.
Финансылык күрөө менен виза алган жарандар АКШга кирүү жана чыгуу иштерин төмөнкү өткөрмө пункттары аркылуу гана жүзөгө ашырууга милдеттүү:
• Бостон шаарындагы «Логан» эл аралык аэропорту (BOS);
• Нью-Йорк шаарындагы Жон Ф. Кеннеди атындагы эл аралык аэропорт (JFK);
• Вашингтон шаарындагы Даллас атындагы эл аралык аэропорт (IAD).
Бул талаптар сакталбаган учурда АКШга кирүүдөн баш тартуу же өлкөдөн чыгуу туура эмес таризделиши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги АКШга барууну пландап жаткан жарандарды визалык талаптардагы жаңыланган эрежелер менен алдын ала таанышууга, виза алуу жана АКШ аймагында болуу шарттарын так сактоого, ошондой эле кабыл алуучу өлкөнүн визалык жана миграциялык мыйзамдарын бузбоого чакырат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



