Трамп Куба Венесуэладан нефть жана акча ала албастыгын билдирди. Кубанын президенти АКШга каршы турууга даяр экенин билдирди
Дональд Трамптын айтымында, Куба мындан ары Венесуэладан көп жылдар бою жашоосун каржылап келген нефти жана акчаны албайт.
Анын сөзүнө караганда, буга чейин Куба Венесуэланын акыркы эки диктаторуна «коопсуздук кызматтарын» көрсөтүп келген, бирок эми мунун баары токтотулат. Трамп Венесуэлага «узак жылдар бою аны барымтада кармап келген бандиттердин жана опузалагандардын коргоосу» мындан ары кереги жок экенин, эми бул өлкөнү АКШнын армиясы коргой турганын айтты.
«Кубага нефть да, акча да мындан ары барбайт — нөл! Аларга өтө кеч болуп кете электе келишим түзүүнү катуу сунуштайм», — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында.
Кубанын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүгө жооп кайтарып, Куба эч качан жана эч бир өлкөгө көрсөтүлгөн коопсуздук кызматтары үчүн акчалай же материалдык компенсация алган эмес деп билдирди.
«АКШдан айырмаланып, бизде башка мамлекеттерге жалданма аскер, шантаж же аскердик басым көрсөтүү менен алектенген өкмөт жок», — деп жазды Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья. Анын айтымында, «укук жана адилеттик Кубанын тарабында», ал эми АКШ «Бул жарым шарга гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн тынчтыгына жана коопсуздугуна коркунуч жараткан кылмышкер гегемон катары аракеттенүүдө».
Куба Республикасынын президенти Мигель Диас-Канель Куба АКШнын агрессиясына 66 жылдан бери дуушар болуп келе жатканын белгиледи.
«Куба — эркин, көз карандысыз жана суверендүү өлкө. Бизге эч ким эмне кылышыбыз керек экенин көрсөтө албайт. Куба эч кимге кол салбайт, бирок 66 жылдан бери АКШнын чабуулуна кабылып келет. Биз мекенибизди акыркы тамчы каныбыз калганча коргоого даярбыз», — деп жазды Мигель Диас-Канель Х социалдык тармагында.
Январдын башында Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалгандан кийин, Трамп Кубага да коркутуу жасаган. Анын айтымында, Куба «абдан аянычтуу абалда» турат. Ошондой эле ал Колумбияга да коркутуу айтып, анын президентин кокаин өндүрүүгө айыптаган. Бир нече күндөн кийин Трамп «Куба жипке илинип тургандай абалда» экенин жана «чоң көйгөйдө» турганын кайрадан айткан.
Мадуро бийликтен кулатылгандан кийин Куба бийлиги АКШнын Каракастагы операциясы учурунда Кубанын куралдуу күчтөрү жана чалгын кызматтарында иштеген 32 кубалык жаран каза болгонун билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



