Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Б.А.Т. кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы жана мурда түшкөн зомбулук боюнча арыздардын негизинде тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2022-жылы жаран Б.А.Т. алдамчылык жолу менен акча каражаттарын алып, аларды жеке кызыкчылыгына пайдаланган.

1966-жылы туулган Б.А.Т. аттуу жаран шектүү катары кармалды.

Мындан тышкары, ИИМ белгилегендей, аталган адамдын жубайы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук боюнча ички иштер органдарына кайрылуулар болгон. Бул материалдар мыйзамда белгиленген тартипте катталып, кароого алынган.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.


Б.А.Т. инциалдары Бердиев Аккулу Тагаевичтин аты-жөнүнө дал келет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз