Мальтада кыргызстандык жаран каза болду
Мальтада өзгөчө кырдаал болуп, анын кесепетинен Кыргызстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу Times of Malta басылмасы кабарлады.
МКМдердин маалыматына ылайык, 11-январда 48 жаштагы кыргызстандык аял Сент-Джордж булуңунда деңизде «кооптуу абалга» туш болгон. Анын жанында 23 жаштагы кыз да болгон, ал ооруканага жеткирилген.
Полицияга чакыруу болжол менен саат 12:40та түшкөн. Басылманын жазышынча, алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө бир нече адамдар чөгүп кеткен кыргызстаныдктарга суудан чыгууга жардам берип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Жабыркагандар ооруканага жеткирилген, бирок тилекке каршы, 48 жаштагы аялдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
«Экинчи жабыркаган кыздын абалы туруктуу деп бааланууда. Окуя Мальтанын бийлик органдарынын көзөмөлүндө иликтенип жатат», — деп белгиленет басылмада.
Ошондой эле социалдык тармактардын кыргыз сегментинде каза болгон аялдын жолдошунун жана жабыркаган кыздын атасынын атынан маалымат тарады. Анын айтымында, учурда ал жакындарынан алыс жерде жүрөт. Анын билдиришинче, жубайын жана кызын толкун агызып кеткен. Мындан тышкары, бардык документтер менен уюлдук телефондор жоголуп, деңизге түшүп кеткен.
Ал Мальтада жүргөн кыргызстандыктарга жана казакстандыктарга байланыш түзүүгө жана коолдоо көрсөтүп, жардам берүүнү өтүнүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



