"Барселона" удаасы менен экинчи жолу Испаниянын Супер кубогун утту

«Барселона» футбол боюнча Испаниянын Суперкубогун удаасы менен экинчи жолу утту.

Турнирдин кезектеги финалы 8–12-январь күндөрү Сауд Арабиясында өтүп, ага төрт клуб катышты.

Биринчи жарым финалда «Барселона» «Атлетикти» 5:0 эсеби менен ири септе утуп, финалга жолдомо алган. Ал эми мадриддик дербиде «Реал» «Атлетикону» 2:1 эсеби менен жеңип, финалга чыккан.

«Барселона» менен «Реалдын» ортосундагы финалдык беттеш 12-январга караган түнү Сауд Арабиянын Жидда шаарында өттү.

Каталондук клуб 3:2 эсеби менен жеңишке жетип, тарыхында 16-жолу Испаниянын Суперкубогун утту.

Өткөн жылы да бул эки команда Суперкубоктун финалында беттешкен. Анда дагы «Барселона» 5:2 эсеби менен жеңишке жеткен.

Испаниянын футбол боюнча Суперкубогу – 2026

Финал

«Барселона» – «Реал» — 3:2

Голдор:
Рафинья, 36-мүнөт (1:0),
Винисиус, 45+2 (1:1),
Роберт Левандовски, 45+4 (2:1),
Гонсало Гарсия, 45+6 (2:2),
Рафинья, 73 (3:2).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз