Ирандын кулатылган шахынын уулу Реза Пехлеви өлкөгө кайтууга даяр экенин билдирди

Реза Пехлеви

Ирандагы шахтык династиянын мураскери, ханзаада Реза Пехлеви ислам республикасына «биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо» кайтып келүүгө даяр экенин жана бул боюнча пландарын түзүп жатканын билдирди. Ал Иранда акыркы жолу 1978-жылы болгонун айтты.

«Узак убакыт өттү, бирок жакында мен ал жакта болом (Иранда)», — деди Реза Пехлеви Fox News телеканалына берген маегинде. Ал өлкөдө бийлик алмашкан учурда Ирандагы өткөөл башкарууну жетектөөгө даяр экенин да белгиледи.

Реза Пехлеви — 1979-жылы ислам революциясынын жүрүшүндө тактан кулатылган Иран шахы Мохаммед Реза Пехлевинин уулу. Ал кезде 19 жаштагы Реза Пехлеви АКШда аскер учкучу адистиги боюнча билим алып жаткан. Азыркыга чейин АКШда жашап келет.

2025-жылдын декабрь айынын аягында Иранда улуттук валютанын кунунун түшүшүнө жана баалардын өсүшүнө байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Акцияга чыккандар саясий режимди өзгөртүүнү жана бийликке Реза Пехлевинин келишин талап кылышууда. Реза Пехлеви болсо өлкөдө бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасаган.

Иран бийлиги бул баш аламандыктарды уюштурууга АКШ менен Израилди айыптаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз