Венесуэланын мунай экспорту дүйнөлүк экономикага кандай таасир этет? БУУнун жообу
Венесуэладан дүйнөлүк рынокторго чыгарылган мунайдын үлүшү азыркыга чейин анча чоң эмес бойдон калууда. Бул тууралуу БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер департаментинин экономикалык талдоо жана саясат бөлүмүнүн директору Шантану Мукержи брифингде журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Венесуэладагы экономикалык абал көп жылдан бери туруксуз болуп келет. Акыркы 10 жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) болжол менен 70 пайызга кыскарган, экономикада гиперинфляция байкалган, жашоо шарттары начарлап, калктын олуттуу бөлүгү чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болгон.
«Салыштырмалуу алып караганда, олуттуу өзгөрүүлөр болот деп күтпөйбүз. Ошол эле учурда быйыл эл аралык мунай баалары салыштырмалуу төмөн деңгээлде болуп, бул экономиканын ар кандай тармактарына таасирин тийгизди. Бирок мен айткандай, венесуэлалык мунайдын дүйнөлүк рыноктогу үлүшү аз болгондуктан, олуттуу өзгөрүүлөр болжолдонбойт», — деди Мукержи.
БУУда ошондой эле Венесуэлада мунай кору абдан чоң экенин, бирок өндүрүш көлөмү салыштырмалуу аз болуп жатканын белгилешти. Рыноктун реакциясы да чектелүү болгон. БУУнун эксперттеринин пикиринде, бул Венесуэла мунайын жеткирүүнүн кыскарышы же өзгөрүшү кыска мөөнөттүү келечекте дүйнөлүк рынокторго олуттуу таасир тийгизбейт дегенди билдирет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



