Азия кубогу: Олимпиадалык курамдын башкы машыктыруучусу оюнчуларга ишенүүгө чакырды

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасынын (U-23) башкы машыктыруучусу Эдмар Ласерда Иорданияга каршы өткөн беттештин жыйынтыгын чыгарды.

Азия кубогунун тайпалык баскычынын үчүнчү турундагы оюн 12-январда өтүп, Иордания курамасынын 1:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.

«Биз турнирге чейин койгон бардык пландарыбызды ишке ашыра алдык. Бул үчүн жигиттерге абдан ыраазымын — алардын потенциалы өтө чоң. Эгер алар өз күчүнө ишенсе, алдыда чоң мүмкүнчүлүктөр күтүп турат. Баары өздөрүнөн гана көз каранды.

Мен Кыргызстанда дээрлик бир жылдан бери иштеп жатам жана чемпионаттагы оюндарды дайыма көрүп, байкап келем. Азыр өлкөдө футболго болгон кызыгуу абдан күчөдү. Күйөрмандарга кайрылуум: бир аз убакыт бергиле. Баары дароо эле боло калбайт. Кыйынчылыктардын себептери көп, бирок эң негизгиси — реалдуу карап, келечек тууралуу ойлонуу», — деди Ласерда оюндан кийинки басма сөз жыйынында.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз