Кремлдин башкы пропагандисти Соловьёв Борбор Азияны «биздики» деп атап, Орусиянын таасир аймактарында атайын операция жүргүзүү мүмкүн экенин айтты

Орусиянын башкы пропагандисти Владимир Соловьёв Борбор Азияны «биздики» деп атап, Орусиянын таасир аймактарында атайын аскердик операция (СВО) жүргүзүлүшү мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле ал Арменияны жоготуу Орусия үчүн «абдан чоң маселе» экенин белгиледи. Бул билдирүүлөр 10-январдагы «Соловьёв Live» программасында айтылды.

АКШнын Венесуэладагы аскердик операциясын жана Трамптын Гренландияга болгон дооматтарын комментарийлеп жатып, Соловьёв Вашингтон эл аралык укукту тоготпой, каалаганын алып жатканын билдирди. Бирок анын айтымында, Москва үчүн Венесуэладагы же Сириядагы окуялардан көрө жакынкы чет өлкөлөрдөгү кырдаал алда канча маанилүү.

«Биз азыр Сирия же Венесуэла менен алек болбошубуз керек. Албетте, позицияларыбызды жоготпошубуз зарыл, бирок биз үчүн эң негизгиси — жакынкы чет өлкөлөр. Венесуэлага караганда Арменияда болуп жаткан окуялар биз үчүн алда канча оор. Арменияны жоготуу — мына ушул чындап эле гиганттык маселе. Биздин Азиядагы, Орто Азиядагы, азыркыча айтканда Борбор Азиядагы көйгөйлөр да биз үчүн абдан чоң маселе болуп калышы мүмкүн», — деди Соловьёв.

Ал Орусияга «өз максаттары менен милдеттерин абдан так аныктап», «оюндар бүттү» деп түшүндүрүү керектигин айтты.

«Эл аралык укукка, эл аралык тартипке түкүрдүк. Эгер улуттук коопсуздугубуз үчүн Украинанын аймагында СВО баштоо зарыл болгон болсо, ким айтты ошол эле себептер менен таасир аймагыбыздагы башка чекиттерде да СВО баштай албайбыз?» — деп суроо салды тележүргүзүүчү.

Соловьёв «улуттук доктринабызды так аныктап, таасир аймагыбыз кайсы экенин ачык айтышыбыз керек. Анда баары түшүнүктүү болот» деп сунуштады.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүгө жооп кылып, орусиялык элчиге нааразычылык нотасын тапшырды. Анда «мамлекеттик телеканалдын эфиринде айтылган мындай билдирүүлөр терең нааразычылык жаратары» белгиленген.

«Бул сөздөр Армения Республикасынын суверенитетине жол берилгис кол салуу болуп саналат, кастык мүнөзгө ээ жана Армения менен Орусиянын ортосундагы достук мамилелердин негизги принциптерин орой бузат», — деп билдиришти Армениянын ТИМинде.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз