Шашылыш билдирүү: 17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 16-январь күнү күндүз жана 17-январда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Кээде кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын күчтүү болушу мүмкүн. Зымдарга жана бак-дарактарга нымдуу кар жабышат. Айрым аймактарда туман түшөт. Жолдордо кар катмары пайда болуп, тайгак болот, тоолуу жол тилкелеринде кар күрткүлөрү жаралат. Батыштан соккон шамал айрым жерлерде секундуна 15–20 метрге чейин күчөйт.

17–19-январь күндөрү абанын температурасы олуттуу төмөндөйт:
• Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°;
• Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7°, күндүз -2° сууктан +3° жылуулукка чейин;
• Тоолуу этектерде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°;
• Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -4° сууктан +1° жылуулукка чейин;
• Нарын облусунун дыйканчылык аймагында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°;
• Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°;
• Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суук болот.
Мындай туруксуз аба ырайы байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдатат. Күчтүү жаан-чачын маалында автоунаа жолдорунда көрүнүш начарлап, транспорт кыймылы кыйындайт

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз