Трамп Гренландия үчүн Европанын сегиз өлкөсүнө 10% бажы салыгын киргизерин жарыялады. Европа лидерлери биргелешкен билдирүү жасашты

АКШнын президенти Дональд Трамп 1-февралдан тартып Европанын сегиз өлкөсүнөн АКШ рыногуна ташылып келүүчү товарларга 10 пайыздык импорттук бажы төлөмү киргизилерин жарыялады.

Трамп бул төлөм Улуу Британияга, Германияга, Данияга, Нидерланддарга, Норвегияга, Финляндияга, Францияга жана Швецияга тиешелүү болорун Truth социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул өлкөлөр АКШга Гренландияны өткөрүп берүү боюнча келишим түзүлгөнгө чейин бажы төлөм төлөп турушат.

Эгер 1-июнга чейин келишим түзүлбөсө, анда бажы төлөмдүн өлчөмү 25 пайызга чейин көтөрүлөрүн Трамп билдирди.

«Биз көп жылдар бою Данияны, Европа Биримдигинин бардык өлкөлөрүн жана башка мамлекеттерди бажы төлөмдөрүн же кандайдыр бир компенсация талап кылбастан субсидиялап келдик. Эми, кылымдар өткөндөн кийин, Дания карызын кайтаруучу убакыт келди — дүйнөдөгү тынчтык тобокелге салынууда! Кытай менен Орусия Гренландияны алгысы келет, ал эми Дания буга каршы тура албайт», — деп жазды Трамп, Гренландиянын начар корголушу тууралуу мурдагы билдирүүлөрүн дагы бир ирет кайталады.

Трамптын Гренландияга аскер жөнөтүүгө байланыштуу сегиз европалык өлкөгө бажы төлөм киргизүү боюнча билдирүүсүнөн кийин бул мамлекеттер биргелешкен билдирүү жарыялашты.

«НАТОнун мүчөлөрү катары биз Арктикадагы коопсуздукту бекемдөөнү жалпы трансатлантикалык кызыкчылык деп эсептейбиз. Дания алдын ала макулдашылган Arctic Endurance (“Арктикалык туруктуулук”) аттуу аскердик машыгууларды союздаштар менен биргеликте өткөрүүдө. Бул машыгуулар эч кимге коркунуч жаратпайт.

Биз Дания Королдугу жана Гренландия эли менен толук тилектеш экенибизди билдиребиз. Өткөн аптада башталган процесске таянып, суверенитет жана аймактык бүтүндүк принциптерине негизделген диалогго даярбыз. Бул принциптерди биз бекем колдойбуз.

Бажы төлөмдөр менен коркутуу трансатлантикалык мамилелерге доо кетирип, кооптуу төмөндөөчү спиралга алып келиши мүмкүн. Биз жооп кайтарууда бирдиктүү жана макулдашылган позицияны карманабыз. Биз өз суверенитетибизди коргоого берилгенбиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул билдирүү бир убакта Дания, Финляндия, Франция, Германия, Нидерланддар, Норвегия, Швеция жана Улуу Британиянын өкмөттөрүнүн расмий сайттарында жарыяланды.

Ишемби күнү Гренландияда жана Данияда миңдеген адамдар АКШнын аралды басып алуу ниетине каршы нааразылык акцияларына чыгышты.

Европалык өлкөлөр Данияны колдоп, Арктика аймагынын коопсуздугу НАТОнун жалпы жоопкерчилиги болушу керектигин билдиришти.

«НАТОнун союздаштарынын жамааттык коопсуздугун камсыз кылганы үчүн тариф киргизүү — таптакыр туура эмес кадам. Биз бул маселени АКШнын администрациясы менен түз талкуулайбыз», — деп билдирди Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер.

«Бизди шантаж кылууга жол бербейбиз», — деди Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон. Анын айтымында, Швеция учурда Европа Биримдигинин башка өлкөлөрү, Норвегия жана Улуу Британия менен биргелешкен жооп даярдоо үчүн активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Трамптын бажы төлөмүн киргизүү боюнча билдирүүсүн жаңылыштык деп атады.

«Мен жаңы санкцияларды киргизүү жаңылыштык болот деп эсептейм. Бир нече саат мурун Дональд Трамп менен сүйлөшүп, өз пикиримди айттым», — деди ал Сеулда журналисттерге.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жекшемби күнү сегиз өлкөнүн биргелешкен билдирүүсү жарыялангандан кийин, Данияны бардык европалык кошуналары колдоп жатканын жана Улуу Британия, Франция, Германия жана башка союздаштар менен активдүү диалог жүрүп жатканын кошумчалады.

«Европа шантажга баш ийбейт деген билдирүүлөрдү бүт континенттен алып жатканыма абдан кубанычтамын», — деди Фредериксен.

Ушундай эле маанай — Трамптын басымына моюн сунбоо тууралуу — Ослодо өткөн жолугушуудан кийин Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде жана Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лёкке Расмуссен тарабынан да айтылды.

Даниялык министр АКШ менен сүйлөшүүлөр уланып, «президент Гренландияны алуу тууралуу кыялынан баш тартат» деп үмүт кыларын билдирди.

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте жекшемби күнү Дональд Трамп менен Гренландиянын айланасындагы кырдаал тууралуу сүйлөшкөнүн X социалдык тармагында маалымдады.

Ал сүйлөшүүнүн чоо-жайын ачыктаган жок, болгону: «Биз ишти улантабыз жана ушул жумада Давосто жолугушууну күтүп жатам», — деп жазды.

Шаршемби күнү Трамп Швейцариянын Давос шаарында өтө турган Дүйнөлүк экономикалык форумдо европалык лидерлер менен жолугат.

Дональд Трамп АКШнын Гренландияга болгон дооматтары тууралуу бир нече ирет билдирүү жасагандан кийин, сегиз европалык өлкө аймактагы коопсуздукту бекемдөө максатында чалгындоо миссиясынын алкагында аралга өз аскерлерин жөнөтүшкөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз