Трамп Токаевди Тынчтык кеңешине чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Газадагы сектор боюнча Тынчтык кеңешинин курамына кирүүгө чакырды. Бул тууралуу Tengrinews басылмасына казак лидери аппаратынын басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирди.

«Бир катар өлкөлөрдүн лидерлеринин билдирүүлөрүнөн кийин АКШ президенти Дональд Трамптан мындай расмий чакыруу алганыбызды жашыруу туура болбойт. Ооба, Касым-Жомарт Токаев дүйнөлүк лидерлердин арасында алгачкы болуп Тынчтык кеңешине кирүү боюнча расмий чакыруу алды жана Казакстан бул уюмду түзүүчү өлкөлөрдүн бири боло турганын билдирди. Жооп катында мамлекет башчысы АКШ президентине чын ыкластуу ыраазычылыгын билдирип, бул жаңы уюмга кирүүгө макул экенин тастыктады. Президент Казакстан Газада туруктуу тынчтык орнотууга, мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык туруктуулукту чыңдоого салым кошууга даяр экенин билдирди», — деди Желдибай.

Трамп 2026-жылдын 16-январында Газада Тынчтык кеңешин түзүү тууралуу жарыялаган. Бул уюмду түзүү АКШ президентинин Газага багытталган тынчтык планынын бир бөлүгү болуп, ага эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу да кирген.

Ошол эле күнү Ак үй кеңештин аткаруучу комитетинин курамын да жарыялады. Анда жетүү мүчө болот: АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф, президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер жана Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр.

Bloomberg жазгандай, америкалык администрация туруктуу мүчөлүккө ээ болууну каалаган өлкөлөрдөн кеминде 1 млрд доллар каражат бөлүүнү суранууда. Ал эми уюмдун устав долбоорунда кеңештин биринчи төрагасы өзү Трамп болот деп жазылган. Ал уюмга кимди кабыл алууну аныктайт. Ошондой эле АКШ президенти уюмдун көпчүлүк добуш менен кабыл алынган чечимдерин жактырса же четке какса болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз