АКШ Кытайдайын продукцияларына кошумча тарифтерди киргизген. Кытай жооп кылды

Кытай Америка Кошмо Штаттарынан импорттолгон айыл чарба продукцияларына кошумча тарифтерди киргизди. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Соода министрлиги маалымдаганын "South China Morning Post" басылмасына шилтеме берип "CentralAsia" басылмасы жазды.
 
Маалыматка ылайык, Кытай АКШдан ташылып келген тоок эти, буудай, жүгөрү жана пахтага 15% кошумча бажы төлөмдөрүн киргизди. Ал эми соя, чочко эти, уй эти, деңиз азыктары, жемиштер, жашылчалар жана сүт азыктарына 10% кошумча бажы төлөмү салынат.
 
Ошондой эле, Кытай өлкөнүн коопсуздугун жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында АКШнын 15 компаниясын экспорттук көзөмөл тизмесине киргизген. Алардын катарына төмөнкү компаниялар кирет. Алар: Leidos, Gibbs & Cox, IP Video Market Info, Sourcemap, Skydio, Rapid Flight, Red Six Solutions, Shield AI, HavocAI, Neros Technologies, Group W, Aerkomm, General Atomics Aeronautical Systems, General Dynamics Land Systems, Aero Vironment компаниялары.
 
Мындан тышкары, Пекин дагы он америкалык компанияны ишенимсиз уюмдардын тизмесине киргизди.
 
АКШнын президенти Дональд Трамп 4-мартка караган түнү (Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө) Кытайдан келген товарларга болгон бажы төлөмдөрүн 10%дан 20%га чейин көбөйткөн болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз