Акжол Махмудов Париждеги Олимпиадада коло медал үчүн күрөшүүдөн мурун кимге чалганын айтты
Акжол Махмудов Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн болгон беттешке ким жардам бергенин айтып берди.
Кыргызстандык балбан 77 кг салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча мелдешке катышып, алгач АКШнын өкүлү Камал Бэйди жеңүү менен таймашын баштаган.
Чейрек финалда Махмудов күтүүсүздөн казакстандык Демеу Жадраевге утулуп калган. Ошого карабастан, ага коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген.
Адегенде кыргызстандык спортчу Колумбиядан келген балбанды жеңип, андан соң жыйынтыктоочу 3-орун үчүн болгон беттеште Азербайжандын өкүлү Санан Сулейманов менен кармашмак болгон.
«Коло медаль үчүн беттештин алдында мага Роман Власов абдан чоң роль ойноду. Мен өзүмдү токтото албай буулугуп, аны менен бир аз сүйлөшүүнү чечтим. Ал болгону бир нече мүнөттүн ичинде кеңеш берип, мени руханий жактан даярдап койду. Ал: “Баары сенден алтын күттү. Бирок кандай болгон күндө да куру кол кайтып келбешиң керек. Жок дегенде коло медалды алып кетишиң зарыл. Коло да жаман эмес”, — деди. Ошентип экөөбүз сүйлөштүк», — деп билдирди Махмудов журналист Тахир Гафуровго берген маегинде.
Жыйынтыгында Акжол Махмудов азербайжандык атаандашын жеңип, 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



